Учтун айы 10, 2025
Убакыт: 18:09
USD
87.10
87.60
EUR
89.50
90.50
RUB
0.850
0.880

2025-жылдан баштап КРСУнун жалпы билим берүү мектебинде окуу акысыз болот

10.01.2025 12:52
22
2025-жылдан баштап КРСУнун жалпы билим берүү мектебинде окуу акысыз болот


Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин демилгеси менен Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жалпы билим берүү мектеби 2025-жылдан баштап бардык окуучулар үчүн акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жогорку окуу жайдан билдиришкендей, окуучуларды акысыз окутуу мектеп окуучулары үчүн сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.

КРСУ мектеби орто билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылат. Бул аталган мектептин буга чейинки бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери менен тастыкталган. 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллдарды алып, бул окуучуларга билим берүүнүн сапаты мыкты экендигинин далили болду.

Мурда мектепке окуу акысын төлөгөн ата-энелер үчүн кайра эсептешүү каралган. Төлөнгөн акчаны кайтаруу боюнча маалыматты мектеп администрациясынан тактап билүүгө боло тургандыгы маалыматта айтылган.

"Биз КРСУ мектеп окуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата маанилүү кадам жасап жатканы менен сыймыктанабыз. Биздин мектепте акысыз билим алуу - бул мүмкүнчүлүк гана эмес, өсүп келе жаткан жаш муундун келечегине чоң салым. Биз окуучуларыбыздын мыкты билим алуусу жана заманбап дүйнөнүн бардык тоскоолдуктарына даяр болушу үчүн ишибизди улантабыз", - деп белгиледи КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн