Жетинин айы 11, 2025
Убакыт: 07:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.075
1.105

Рамиль Гасан ТүркПАнын башкы катчысы болуп дайындалды

28.10.2025 16:40
114
Рамиль Гасан ТүркПАнын башкы катчысы болуп дайындалды


Рамиль Гасан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 


Жаңы дайындалган катчы бүгүн Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.


Жээнбек Кулубаев Рамиль Гасанды жаңы кызмат орду менен куттуктап, Кыргызстан түрк кызматташтыгынын институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, ал эми ТүркПА парламенттик дипломатиянын негизги аянтчасы катары маанилүү орун ээлерин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн