Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

21 күн чыдамкайлык, 21 күн ден-соолук, - бирге болсок, бирге жеңебиз!

25.03.2020 13:37
923
21 күн чыдамкайлык, 21 күн ден-соолук, - бирге болсок, бирге жеңебиз!


Карантиндин ийгиликтүү кириши жана жуктургандардын санын кыскартуу менен Кытай жигердүүлүктү көргөзө алды. Башка өлкөлөр да Кытайдын тажрыйбасын кайталоого аракет кылып жатышат, бирок ийгиликке жетише албай жаткандай. Керек болсо Америкадай болгон державалар дагы биринчи карантин киргизип алып, кайра аны жокко чыгаруу тууралуу ойлонуп калышты. Анткени Кытайдай жыйынтык чыгара алышкан жок. Балким бизде дагы ойлонулбаган чечимдер кабыл алынды, аны түшүнүү менен кабылдоо керек. Биз жана бүтүндөй дүйнө коронавирустун таралышына даяр эмес элек.

Бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги өзгөчө абалды киргизүү менен эң туура кадамдарга барды. Жарандарга башыбыздан өтүп жаткан окуянын олуттуулугун көргөзүшүбүз керек. Бирок муну менен курч экономикалык жана социалдык маселелерди да чечүү зарыл. Көптөр каражатысыз жана жумушсуз калды.

Өкмөт тез арада муктаж болгон жарандардын тизмесин тактап, жашоо минимумуна жетиштүү болгон азык-түлүктөрдү акысыз алууга мүмкүнчүлүк түзгөн карточка даярдап берүүлөрү керек. Кечээтен бери мен көптөгөн жарандардын суроолорун алып жатам, алар бир жумадан кийин кайсы акчага тамак-аш алабыз, деген суроолорун берип жатышат.

Өкмөт азыр коронавирусту жуктуруп алгандардын санын көбөйтпөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат, керек болсо бюджеттик жогоруулар менен. Албетте акча эмес, адамдын өмүрү биринчи орунда дечи.

Өзгөчө абал вирустун жайылышын мындан ары көбөйтпөө максатында 21 күнгө киргизилди. Ошондуктан жарандарга кайрылаарым, азык-түлүктү жетиштүү камдап алыңыздар жана бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылыңыздар.

21 күн өз ара түшүнүү жана бири бирибизге жардам.

21 күн кудурет жана ден соолук.

21 күн чыдамкайлык.

Барыбыз бирге болсок, бирге жеңебиз!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн