Мамлекеттик мүлк фонду быйыл жыл соңуна чейин объектилерди сатуудан 500 миллион сом киреше табууну пландап жатат. Бул туурасында аталган фондунун төрагасы Мирлан Бакиров парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда приватташтыруу программасына 25тей объект киргизилген. Мунун ичинде активдер дагы бар.
"Азыр мүлктөрдү этап-этабы менен баалоо процесси жүрүп жатат. План боюнча 2021-жылга 500 миллион сом каралган, ошону аткаруу аракети жасалууда", — деди Бакиров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн