Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

2500гө жакын тил жоголуу коркунучунда

22.02.2021 08:59
676
2500гө жакын тил жоголуу коркунучунда

Дүйнө тилдеринин 2 миң 500гө жакыны жоголуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун түрк өкүлү "Анадолу" агенттигине билдирген. 


2000-жылдан бери 21-февраль жыл сайын дүйнө жүзүндө Эл аралык эне тил күнү катары белгиленип келет.


«Дүйнөдө 7 миңге жакын активдүү тил бар. Алардын ичинен 2500гө жакын тилге коркунуч туулуп жатат, анткени аларды өтө аз сандагы адамдар колдонушат», - деди Огуз.


Анын айтымында, статистикага жана колдо болгон маалыматтарга ылайык, дүйнөдө ар бир 15 күндө бул тилдердин бири жоголуп кетет.


Дүйнөдөгү социалдык, саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу акыркы он жылдыктарда тилдердин жоголуп кетүү коркунучу күчөдү, деп билдирди булак. Учурда 200 тилде сүйлөгөн адамдарды табуу кыйын, ал эми 1950-жылдан бери 250дөн ашык тил жоголгон.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бекзат
Дүйнө жүзүндө болгон тилдер