Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Министрлик: 27 жаштагы дарыгер илдеттен эмес, өз жанына кол салып каза болгон

16.07.2020 11:59
1650
Министрлик: 27 жаштагы дарыгер илдеттен эмес, өз жанына кол салып каза болгон

 

Улуттук кардиология жана терапия борборунун 27 жаштагы дарыгери өз жанын кыйып каза болгон. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.


Маалыматка караганда, 27 жаштагы дарыгер COVID-19 илдетинен каза тапты деген чындыкка дал келбейт. Анын ПЧР-анализдеринин баары таза чыккан. Мындан тышкары анын өпкөсүндө эч кандай патологиялар жок болгон айтылат.


Буга чейин Бишкек шаарында кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог дарыгер Жумабай Бекмуратов коронавирус илдетинен улам көз жумганы малымдалган. Бул боюнча маркумдун досу Нурсейит Мамыров өз эскерүүсүндө билдирген. Ал эми жакындары Жумабай Бекмуратов коронавирус жуктуруп алганын айтышкан. 






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн