Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койду.
29 жаштагы Нуртилек Орозбаев жергиликтүү кеңештин депутаты болчу. Ал буга чейин шаардык кеңештин аппарат жетекчиси болуп иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн