Бүгүн, 31-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 205 адам COVID-19 диагнозу менен катталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаарында – 123,
- Чүй облусунда – 26,
- Ысык-Көл облусунда – 23,
- Баткен облусунда – 13,
- Жалал-Абад облусунда – 10,
- Талас облусунда – 3,
- Ош облусунда – 3,
- Ош шаарында – 2,
- Нарын облусунда – 2.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 198316 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 4 бейтап көз жумду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн