Аяк оона 18, 2025
Убакыт: 12:05
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Желектин авторлорунун бири Жусуп Матаев каза болду

18.09.2025 10:15
25
Желектин авторлорунун бири Жусуп Матаев каза болду


Кечээ, 17-сентябрь күнү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев каза болду. 


Сүрөтчү, график Жусуп Матаев 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 


Эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Улуттук тарых музейинде жана Нарын облустук аймак таануу музейинде сакталуу. 


Матаев чыгармачылык менен катар педагогикалык ишти айкалыштырып, 2021-жылдан бери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында иштеп жаткан. 


Автордун эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ага Даңк медалы баштаган бир катар мамлекеттик сыйлык-наамдар ыйгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн