Бүгүн Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мындай чектөө чаралары борбордо боло турган Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусуна байланыштуу киргизилип жатканы белгиленди.
Ага ылайык, төмөнкү көчөлөр маал-маалы менен жабылмакчы:
- "Манас" аэропортунан Бишкекке чейинки жол;
- Фучик көчөсү (шаар четинен Чүй проспектине чейин);
- Чүй проспекти (Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейинки чыгыш багыт);
- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери ("Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүк);
- "Ала-Арча" резиденциясынан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн