Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

31 жаштагы Жалал-Абаддык Ражавалиев Шерзод изделет

25.02.2021 10:42
502
31 жаштагы Жалал-Абаддык Ражавалиев Шерзод изделет

1990-жылы туулган, (психикалык жактан жабыркаган) Ражавалиев Шерзод Насиржанович 2020-жылдын 11-август күнү саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Учурда Ражавалиев Шерзод Насиржановичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, психиатриалык кабинетте каттоодо турат.


Кийген кийимдери: Жылаңбаш, ичинде ак түстөгү жемпир, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара түстөгү галош.


Дайынсыз болуп жаткан Ражавалиев Шерзод Насиржанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 


Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Байланыш тел.: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, (0777) 79-23-63,                         (0773) 00-08-02.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн