38 жашында спортчу Нурлан Эралиев каза болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Ал самбо боюнча чебер, дене тарбия жана спорттун отличниги, ошондой эле УКМКнын 9-бөлүмүнүн капитаны болгон.
Эралиев спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азиянын эки жолку чемпиону жана дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку коло байгесинин ээси болгон.
Ал 16-октябрда көз жумуп, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-октябрда өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн