Кулжа 26, 2025
Убакыт: 13:00
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

4-октябрдагы шайлоодо партия үчүн акча чогулткан чиновникке сот өкүмү чыкты

28.06.2021 14:29
799
4-октябрдагы шайлоодо партия үчүн акча чогулткан чиновникке сот өкүмү чыкты

Кечээ, 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Медер Ирсалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Соттун токтомунда айтылгандай, Ирсалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп туруп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата «Биримдик» партиясына акча чогулткан.


2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы шайлоочулардын 24,49 пайыз добушуна ээ болгон. Аталган партия бийликтин партиясы деп эсептелчү.

УКМКнын кызматкерлери Ирсалиевди өткөн жылы ноябрда кармашкан.


Айыптоочулардын маалыматына караганда, Ирсалиев Соцфонддун аппаратынын ошол кездеги жетекчиси Акылбек Байдылдаевге (ал дагы өткөн жылы ноябрда кармалып, соттун өкүмү менен айып пул төлөөгө милдеттендирилген) Соцфонддун аймактардагы бардык башкармалыктарынан «Биримдик» партиясына каржылык жардам көрсөтүү үчүн акча чогултууну тапшырган.


Байдылдаев Соцфонддун аймактардагы координаторлору топтолгон WhatsApp'тагы тайпага аудио билдирүү жөнөткөн жана Соцфонддун ар бир башкармалыгынан 40 кг күрүч, картошка жана төө буурчак топтош керек деп талап кылган. Байдылдаевдин мындай билдирүүсү ар бир башкармалыктан 40 миң сомдон жыйнаш керек деген маанини түшүндүргөн.


Координаторлор Байдылдаевдин талабын Соцфонддун райондордогу башкармалыктарынын жетекчилерине жеткиришкен.


Жыйынтыгында сентябрь айынын ортосунан октябрь айынын башына чейин Байдылдаев менен Ирсалиев Соцфонддун аймактардагы башкармалыктарынан мыйзамсыз 660 миң сом жыйнашкан. Анын ичинен 100 миң сомду «Биримдик» партиясына үгүт иштерине беришкен. Калган 560 миң сомду УКМКнын депозиттик эсебине которушкан.


Тергөө учурунда Ирсалиев тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгон. Сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси башка адамдардын аты-жөнүн атаган.


Ошондой эле Ирсалиев соттон айып пул төлөө түрүндөгү жаза берүүнү суранган.


Жыйынтыгында сот Ирсалиевди Жазык кодексинин 43-319-беренеси (Коррупцияга катышуу) менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пулга жыкты.


Булак: "Баракелде"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн