Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

№40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттары пайдаланууга берилди

23.09.2022 14:48
314
№40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттары пайдаланууга берилди

Мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жана статусун жогорулатуу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттарынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


«Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Бишкек шаарында күзгө чейин 15 орто мектеп жана 1 бала бакча куруу милдети коюлган. Бул милдеттер аткарылды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, Бишкек шаарынын мэриясынан 500 млн сом бөлүнгөн. 1-сентябрдан тарта жаңы мектептерди ачып, окуучуларды кабыл ала баштадык. Буга чейин мектепти 3-4 айда курууга мүмкүн экендигине эч ким ишенчү эмес, куруучулар алдыга коюлган планды аткара алышты», - деди Акылбек Жапаров.


Анын айтымында, өлкө жетекчилиги мектептерде окуу-тарбия иштерин өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.


«2022-жылы мугалимдердин маянасы бир топ жогорулатылды. Ошону менен бирге мугалимдердин эмгегин стимулдаштыруу боюнча ырааттуу иштер улантылат. Биздин балдарыбыз билимдүү жана сергек болуп жетилип, коңшу өлкөлөрдөгү теңтуштары менен ийгиликтүү атаандаша алышы керек. Мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жана статусун көтөрүү – мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири», - деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.


Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Жаштык» спорт комплексинин базасында курулуп жаткан аялдар күрөшү залынын курулушу менен таанышты.


Объекттин курулушу 2022-жылдын 29-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча башталган. Учурда объекттин курулушу 94% аяктаган.


Маалымат үчүн: Учурда республика боюнча 2333 жалпы билим берүүчү мектеп болсо, анын 37си жаңы курулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн