Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

5 кг баңгизатты сатуу боюнча Өзбекстандын 4 жараны кармалды

29.03.2022 12:54
351
5 кг баңгизатты сатуу боюнча Өзбекстандын 4 жараны кармалды

Баңги топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


     УКМК органдары тарабынан баңгизатын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, чек арадан өткөн баңгиканалдардын ишине бөгөт коюулду.


     2022-жылдын 26-мартында КР УКМК кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынан 5,350 кг. «гашиш» баңгизатын сатып алуу жана андан нары бөлүштүрүү учурунда Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын төмөнкү жарандары кармалышты: 1993-ж.т. С.С.М., 1994-ж.т. Н.Д.Д., 2003-ж.т. Т.С.Б., 1995-ж.т. У.М.К.

   

 Атайын операциянын натыйжасында баңгизаттарды таратуу боюнча туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жогоруда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттери токтотулду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн