6 жаштагы бала сабалды деген сүрөт социалдык тармактарда дароо тараган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп баланы сабаган жаран Сокулук районунун тургуну экени аныкталган.
Азыркы учурда бала таенесинин колунда Ат-Башы районунда. "Sputnik Кыргызстан" агенттиги баланын абалын сурап келген.
Журналисттин "Күйөө балаңыз тууралуу да сурагым келип жатат. Кандай адам эле, буга чейин мындай учурлар катталган эмес беле?" - деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген.
"Күйөө баламды укмуш жакшы билем деп айта албайм. Саналуу жолу эле көрүп, сүйлөштүм. Өзүнүн айтымында, баланы урганда мас экен. “Көзүмө бир нерселер көрүнүп, эмне болуп уруп салганымды билбейм” деп отурат." - деген баланын таенеси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн