Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

600 грамм баңгизат менен Кара-Суу районунун тургуну кармалды

03.11.2021 14:51
583
600 грамм баңгизат менен Кара-Суу районунун тургуну кармалды


          Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Кара-Суу районунун аймагында К.А., аттуу жаран баңги затын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү маалым болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


          Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.


Аталган маалымат боюнча Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу иш алып барып, 2021-жылдын 13-октябрь күнү Кара-Суу шаарында К.А., аттуу жаранды кармап текшерген учурда колунда желим баштыкта жарым толтурулган жашыл түстөгү өзөчө жыты бар өсүмдүктү алып жүргөндүгү аныкталган. Ал затты таразага тарткан учурда жалпы салмагы 605 граммды түзгөн.


Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн