Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:46
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

800 миң долларга алдаган. Турак жай ээлеринин шериктештигинин кызматкери 5 жылдан бери өзүнө тиешелүү эмес батирлердин ижара акысын алып келген

11.12.2023 16:01
448
800 миң долларга алдаган. Турак жай ээлеринин шериктештигинин кызматкери 5 жылдан бери өзүнө тиешелүү эмес батирлердин ижара акысын алып келген


Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


26-ноябрда милицияга аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, А.М. аттуу жаран Жукеева-Пудовкина көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин Турак жай ээлеринин шериктештигинин кызматкери болуп, 2018-2023-жылдар аралыгында ага таандык эмес батирлерди ижарага берип, үзгүлтүксүз ижара акысын алып турган. Андан соң жасалма документтерди колдонуп, батирлерди ээлерине билгизбей үчүнчү жактарга колдонууга берип жиберген. Ошентип, 800 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган А.М. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда анын ушул сыяктуу дагы 6 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0500 100 188, 0500 030 200, 0557 045 102 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн