БУУнун Башкы ассамблеясында Украинаны калыбына келтирүүгө Россия репарация төлөө боюнча резолюция добуш берүүгө коюлду.
Чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиргендей Документ 94 өлкөнүн колдоосу менен кабыл алынып, 14 өлкө каршы , 73 мамлекет калыс добуш берген.
Россияны колдоп, "каршы" добуш берген мамлекеттер: Беларус, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Иран, Мали, Никарагуа, Сирия, Зимбабве.
Ал эми Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан калыс болсо, Түркмөнстан добуш берген жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн