Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

АКШ Кыргызстандын региондо жүргүзүп жаткан саясатын колдоду

28.02.2023 17:36
280
АКШ Кыргызстандын региондо жүргүзүп жаткан саясатын колдоду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.


КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 28-февралда Астана шаарында «Борбордук Азия+АКШ» министрлер жыйынына катышуунун алкагында өткөн.


Жолугушууда эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер, кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле 2023-жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды.


Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти. Министр Кулубаев жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирди.


Тараптар Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга умтуларын баса белгилешти.


Кыргызстандын Тышкы саясат ведомствосунун башчысы америкалык тарапка Сириядан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул процесс жакынкы аралыкта бүтөөрүнө ишеним билдирди. Америкалык тарап кыргыз тараптын регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору катары мамлекеттер аралык чек ара маселелерин чечүү аракетин кубаттады.


Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелерин талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн