Тогуздун айы 30, 2025
Убакыт: 20:55
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.085
1.125

Эдил Байсалов Татарстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

30.10.2025 14:52
38
Эдил Байсалов Татарстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга иш сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.


Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татар байланыштары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татар тарапты Татарстандын раисин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын глобалдык исламдык умманын жашоосуна активдүү катышуусун белгиледи.


Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн