Америка Кошмо Штаттары Украинага кезектеги аскердик-техникалык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Белгилүү болгондой, 28-январдан АКШдан Украинага кезектеги аскердик-техникалык жардам келип түшкөн. Анда 81 тонна ок-дары жана курал-жарак келген.
Мындай жардам АКШ тарабынан алгачкы жолу келип жаткан жок. Буга чейин да АКШнын аскердик техникалары Украинага алынып келинген.
Мындан сырткары, АКШ НАТОнун чыгыш тарабында жайгашкан өлкөлөргө жакынкы күндөрү кошумча аскердик-техникалык күчтөрдү киргизгерин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн