Теке 19, 2025
Убакыт: 04:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

АКШда Гранд-Каньондун жанында туристтик автобус оодарылып, бир адам каза болду

02.08.2023 15:28
1935
АКШда Гранд-Каньондун жанында туристтик автобус оодарылып, бир адам каза болду


АКШнын Аризона штатындагы Гранд-Каньонго жакын жерде 50дөн ашык туристти ташыган автобус оодарылып, бир адам каза болуп, сегизи оор жаракат алганын жергиликтүү полиция өз сайтында билдирди.


"Куткаруу кызматтары Батыш Гранд-Каньон аймагында автобус оодарылып кеткени тууралуу кабар алышкан. Сегиз адам тик учак менен жакын жердеги ооруканаларга жеткирилди. Бир адамдын каза болгону тастыкталды", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.


Дагы бир нече адам оор эмес жаракаттарды алып, тез жардам менен ооруканаларга жеткирилгени белгиленди.


Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Милициянын маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүүгө 10 тез жардам кызматы келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн