Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 13:31
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

АКШда бюджеттик кризиске байланыштуу мамкызматкерлер жапырт кыскарууда

13.10.2025 10:55
17
АКШда бюджеттик кризиске байланыштуу мамкызматкерлер жапырт кыскарууда


АКШда бюджеттик кризиске байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди жапырт кыскартуу башталды. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги кабарлады.


Маалыматка караганда, бекитилген бюджеттин жоктугунан улам федералдык мекемелер кыскартылган режимде иштеп жатат. Он миңдеген кызматкерлер акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылган.


АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзгөчө чараларды көрө баштады. Ак үйдүн бюджеттик катчысы Расс Воут федералдык мекемелерде массалык жумуштан бошотуулар болорун жарыялаган. Соттун документтерине ылайык, 4 миңден ашуун кызматкер жумушсуз калат.


Эң көп кыскартууга учураган мекемелердин катарында Каржы министрлиги 1 миң 400гө жакын кызматкер жана Саламаттык сактоо министрлиги 1 миң 100дөн ашык кызматкер бар.


Өлкө башчы Трамп бул кадам негизинен "демократиялык көз караштагы аймактарга" таасир этерин айтып, оппозицияга сунушталган бюджет долбооруна макул болууга басым жасоону көздөп жатканын белгилеген.


Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Ак үйдү "өлкөнү коргогон жана кризис маалында жардам көрсөткөн адамдарга атайылап зыян келтирүүдө" деп айыптаган.


Азыркы тапта жаңы бюджет боюнча сүйлөшүүлөр токтоп турат, өкмөттүн ишин калыбына келтирүү келечеги болсо – бүдөмүк бойдон калууда.


Эске салсак, ушул аптада АКШда "өкмөттүн жабылышы" деп аталган процесс башталган. Анын алкагында айрым мамлекеттик мекемелердин иши убактылуу токтогон. Буга Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоого багытталган эки мыйзам долбоорунун тең кабыл алынбагандыгы себеп болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн