Абадан коргонуу күчтөрүнүн абадан коргонуу ракеталык бригадасынын жети аскер кызматкери кургак учук оорусун жуктуруп алган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасы 24.kg маалымат агенттигине билдирген.
Беш аскер 19 жашта, экөө 18де экени такталды.
«Бардык аскерлердин оорусу жугуштуу эмес, алардан кургак учуктун жабык түрү катталган. Биринчи аскер 21-январда ооруканага түшкөн, кечээ жетинчиси жеткирилген. Алар ооруканада, абалдары туруктуу. Алардын төртөөнүн өпкөсүндө суюктук топтолгон, үчөөнүн өпкөсү жабыркаган», - деп билдирди.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты 24.kg маалымат агенттигине тастыктап, Мамлекеттик Коргоо комитетинин аскердик медициналык бөлүмү эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун болжолдуу булагы аныктаганын кабарлады.
«Аскер бөлүгүндө эпидемиологияга каршы керектүү чаралар көрүлдү. Окуянын жагдайларын жана күнөөкөрлөрүн тактоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды», - деп түшүндүргөн Коргоо министрлиги.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн