Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абакка 3 килограмм баңгизат киргизүүгө аракет кылган "положенец" кармалды

Абакка 3 килограмм баңгизат киргизүүгө аракет кылган "положенец" кармалды

Чүй облусунун аймагындагы түзөтүү мекемелеринин бирине ири өлчөмдөгү баңгизатты ташуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.



Маалыматка караганда, Юстиция министрлигинин Жазалады аткаруу кызматынын Башкы ыкчам-издөө башкармалыгы жана Чүй облустук ИИББнын Ыкчам чара көрүү атайын отряды менен биргеликте изин суутпай издөө иш-чараларын жана атайын тергөө аракеттерин жүргүзүп, Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлган.  


Жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында түзөтүү жаза өтөп жаткан “воровской общак” лидерлери, 1988-ж. Т.У.А. “положенец” деп аталган Уюшкан кылмыштуулук топтун активдүү мүчөсү жана соттолгон 1994-ж.т. Д.У.Т. баңги каражаттарынын ташуу каналынын уюштуруучусу болуп саналган аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Ал эми, 1995-ж.т. О.К. жаран баңгизат каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде кармалып, анын ичинде 1 кг. 246 грамм салмактагы “гашиш” эки полиэтилен баштыкчасы алынды. 

Алынган баңгизат Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине киргизүүнү көздөшкөн. 

Ошондой эле баңги каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде экинчи шектүү 07.09.1998-ж.т. Т.Д. кармалган.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Д. аттуу жарандан скотч менен оролгон үч таңгак “гашиш” баңгизаты алынды. 

Алынган “гашиш” баңги каражатынын салмагы 1 кг 125 граммды түзгөн. 


Түзөтүү мекемелеринде киргизүүгө алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 3 кг жакын “гашиш” баңгизаты болуп аныкталды.

Азыркы учурда Уюшкан кылмыштуу топтун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар башка активдүү мүчөлөрүнө карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн