Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги жоюлат

06.12.2022 11:38
381
Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги жоюлат

Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жоюлууда, бул үчүн 700 млн сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.


Анын айтымында, холдингдин капиталы 3,4 млрд сомду түзгөн.


“Анын дээрлик 100%ы бюджетке кайтарылат. Бирок, быйылкы жылдын ичинде милдеттенмелерди жабууга 700 млн сом калтырылууда. Салык инспекциясы тарабынан түшкөн дооматтар - 600 млн сом”, - деди министр.


Бакетаев белгилегендей, холдинг өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кендерди иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензия алган, ага ылайык алар белгилүү төлөмдөрдү төлөшү керек.


“Ошондой эле Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында 11,8 млн сомдук милдеттенме бар. Мындан тышкары, кызматкерлердин эмгек акысына 20-30 млн сом, имараттардын ижарасы ж.б.”, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн