Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Абайлаңыз! Боом капчыгайында таштар кулатылат

29.10.2021 11:24
560
Абайлаңыз! Боом капчыгайында таштар кулатылат

1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (темир жолдун 3 миң 902-чакырмы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет


Маалыматка ылайык, иштер күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин жүргүзүлөт.


“Жолду тазалоо иштери учурунда унаалар бир тилке менен каттайт. Топтолгон унаалар 30-40тан ашкан учурда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Иш таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн