Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутат Шайлообек Атазовду сабырдуу болууга чакырды.
Буга чейин Шайлообек Атазов жайыт жана кайрак жерлерди ижарага берүүгө коррупционер депутаттар макул болуп жатканын айткан.
"Мен регламентке ылайык ар бир депутаттын абийирине шек келтирүүгө жол бербейм. Депутаттар тууралуу сүйлөп жатканда абайлап сүйлөңүз. Муну мен мыйзам долбооруна макул болгонум үчүн айтып жаткан жокмун",- деди төрага.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн