Кулжа 24, 2025
Убакыт: 00:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Абдикарим Алимбаев мугалимдерди жана окуучуларды "Акыркы коңгуроо" аземи менен куттуктады

25.05.2021 11:07
1102
Абдикарим Алимбаев  мугалимдерди жана окуучуларды "Акыркы коңгуроо" аземи менен куттуктады

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустун мугалимдерин жана бүтүрүүчүлөрүн "Акыркы коңгуроо" аземи менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.


Урматтуу агай эжейлер! 

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, окуучулар!

Баарыңыздарды “Акыркы коңгуроо” майрамы, окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктаймын! 

Билим берүү тармагы, Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири. 

Анткени келечек муундун сабаттуулугуна жумшаган аракетибиз, келечекке ишенимдүү инвестиция боло алат. 

Дүйнө мамлекеттеринин тажрыйбасы көрсөткөндөй, билимдүү жаштар, мыкты, кесипкөй адистер, өлкөнү өнүктүрүүгө зор өбөлгө.  

Ошондуктан Кыргызстан экономикалык каатчылыкка, бюджеттин тартыштыгына карабай, билим берүү тармагын ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. 

Анткени өлкөбүздүн келечеги, экономикасынын жаратуучусу, эмгекчи күчү- бул жаштар.  


Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бул күн өзгөчө силер үчүн, кубанычтуу, ошол эле учурда ар кандай толкундоо сезимдерин жараткан, өзгөчө күн.

Ар бир бүтүрүүчүнүн ойлогон ой максаттары, кыялдары ишке ашуусуна, чын жүрөктөн тилектешмин.

Кырдаалга жараша быйылкы окуу жылын бир бөлүгүн, онлайн режиминде окуп, акыркы коңгуроо аземин да онлайн режиминде өткөрүп жатабыз.

Мен ойлойм, бул кырдаалды баарыңар түшүнүү менен кабыл алып жатасыңар. 

Алдыда, баарыңарга өлкөбүздүн жана дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына студент болуу насип этсин. 

Силерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм.

Келечекке таштаган кадамыңар байсалдуу болсун!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн