Бүгүн, 22-мартта Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин өтүнүчүн карады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалым болгондой, Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясы жана Административдик соттун чечимин күчүндө калтырып Муртазалиевди шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Муртазалиев Свердлов шайлоо округунан кайра шайлоого катышып, эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн