Кулжа 02, 2024
Убакыт: 04:43
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев “Билайндын” жетекчилери менен эмнеге жолукканы айтылды

03.06.2020 12:00
1029
Абылгазиев “Билайндын” жетекчилери менен эмнеге жолукканы айтылды


Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү өкмөт өкүлдөрү менен “Верный капитал” менен “Скай Мобайлдын” жетекчилери эмнеге жолугушкандары тууралуу билдирүү жасады.


Маалыматка ылайык, 15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин “Верный капитал” компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана “Скай Мобайл” ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргызстандагы “Скай Мобайл” компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн.


Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар. Бул талаш мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга тийиш жана Өкмөт соттук процесстердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпегени айтылат.


Ошондой эле Скай Мобайл компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон.


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналары жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирген.


Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Биз жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептейбиз, - деген вице-премьер-министр.


Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Билайндын” кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана “Билайндын” Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан менен жолукканын айтып чыккан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн