Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Абылгазиев: Кенебеген адамдар башкаларга да коркунуч келтирип жатат

24.03.2020 08:35
782
Абылгазиев: Кенебеген адамдар башкаларга да коркунуч келтирип жатат


 Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасады.

 

Ал өз сөзүндө  коронавируска каршы көрүлгөн чараларга айрым адамдар көңүл кош мамиле кылып жатканын айтты.


“Тилекке каршы, Өкмөттүн канчалык көргөн аракеттерине карабастан, бүгүн биздеги көрүнүш – абдан өкүнүчтүү! Эпидемия ар бирибиздин аң-сезимибизге толугу менен жетпей жатат.Кыймыл-аракетибиз азайган жок. Коронавирус миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, өзүңөрдүн кенебестигиңер менен – башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар. Муну түшүнгүлө! Өзүңүз да балким вируска чалдыккан адам болуп калышыңыз толук ыктымал. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар”, - деди Абылгазиев.


 
Премьер-минстр илдет жуккандан баштап 14 күндө билинерин айтып, ар бир жаранды сак болуга чакырды. Ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда үйдө болуу негизги шарт экенин айтты.


“Жалпы элди коргоо үчүн мыйзамдуу бардык кадамдарга барууга, аларды күчөтүүгө аргасыз болуп жатабыз.
Ички иштер органдарынын, анын ичинде патрулдук милициянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – тартипти орнотуу үчүн иш-чаралары күчөтүлөт. Кенебестер жазасын сөзсүз алат. Каникул, карантин – бул сейилдеп жүрүү эмес, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуунун чарасы катары кабыл алдык.


Айрыкча медицина кызматкерлери – өзүнүн өмүрүн  тобокелге салып, ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат. Биз ошону баалайлы. Алардын мээнети кайтсын десек, эрежелерди, тартипти сактайлык! Өзүңүздөр да бири-бириңерди көзөмөлгө алыңыздар”, деди өкмөт башчы.


Өзгөчө кырдаалды киргизүү чечими экономикага жана жарандардын эркиндигине чектөөлөрдү алып келерине карабастан кабыл алынган чечим экенин айтып, мындай абалда ар бир адамды эрежелерди сактоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн