Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев: "Өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок"

13.03.2020 13:27
875
Абылгазиев: "Өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок"


Өкмөт зарылдыкка жараша ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт жана бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.


Ал 2020-жылдын 9-мартында мунай заттын баасы 30%га түшүп, валюта биржасында Россиянын жана Казакстандын улуттук акчасынын курсунун төмөндөөсүнө алып келгенин белгиледи.


Анын айтымында, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен тийиштүү маселелер талкууланды. 


«Өнөр жай түзүмүндө нефтегаз тармагынын үлүшү болгону 2%ды түзөт, бул өңүттөн алып караганда биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес. Бирок  өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин  тийгизбей койбойт. Ошентсе да азырынча биздин өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Премьер-министр 9-марттан тартып дүйнөлүк рыноктогу болуп жаткан кырдаалга тыкыр көз салып жатканын айтты.

 

Ыкчам түрдө Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында валюта рыногундагы курстун кескин түрдө ылдый-өйдө болушун турукташтыруу жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн деңгээлин кармап туруу боюнча бир катар чаралар кабыл алынды, деди өкмөт башчы. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн