Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Абитуриенттер колледждерде билим алуу каалоосун 6-августка чейин тастыктоосу зарыл

29.07.2020 13:01
1170
Абитуриенттер колледждерде билим алуу каалоосун 6-августка чейин тастыктоосу зарыл


Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат.


Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек. Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. 3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат.


3-6-августта – абитуриенттер орто кесиптик окуу жайга кабыл алууну каалоосун тастыктоого тийиш. Колледждер 3-августтан тартып окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.


Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн