Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 12:14
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Абсаттар Сыргабаев КМШга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты

20.11.2024 11:37
363
Абсаттар Сыргабаев КМШга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты


Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев КМШга мүчө мамлекеттердин координациялык транспорттук кеңешменин жыйынына катышты

Министрликтен билдиришкендей, жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын транспорт министрлери катышып, отурум Россиянын транспорт министри Роман Старовойттун төрагалыгы астында өттү.

КМШга мүчө мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешменин 44-жыйынында тараптар транспорттук-логистикалык потенциалды жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болду.

Белгилей кетсек, 19-21-ноябрь күндөрү Москва шаарында "Транспорт жумалыгы" иш-чарасы өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн