Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 11:45
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.065

Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди

23.02.2025 13:29
1573
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди


Бокс боюнча жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди.


Беттеш 22-февралдан 23-февралга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Kingdom Arena стадионунда өттү.


Дмитрий Бивол 12 раунга созулган беттеште калыстардын упайынын негизинде Артур Бетербиевди реваншта (114-114, 116-112, 115-113) жеңип, жарым оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону титулун багындырды.


Мушкерлердин былтыркы жылдагы беттешинде упайлардын саны боюнча Бетербиев жеңишке жеткен болчу.


Белгилей кетсек, Бивол профессионалдык карьерасында 25 мелдеш өткөргөн. Анын 24үндө жеңишке жеткен, мунун ичинен 12 беттешти нокаут менен уткан. Жеңишти бир гана Бетербиевге тарттырып жиберген эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн