Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору Коомдук талкуу бирдиктүу порталына жайгаштырылды.
Документте айтылгандай, мыйзам долбоор улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги шаардын аталышын өзгөртүүгө шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болгонун билдирет. Бул демилге шаардагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, келечек муундар үчүн үлгү катары сунуш иретинде иштелип чыкты.
Учурда шаардын калкы 184 миң 400дөн ашык адамды түзѳт. Шаардын башкы курулуш планы 2023-жылы ѳзгѳртүүлѳр менен бекитилген.
“Шаарды кайра атоо боюнча маселе жергиликтүү жашоочулардын жыйындарында каралып, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан чечимдер кабыл алынып, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылып, сунуш келип түшкөн”,- деп айтылат документте.
Белгилей кетсек, мыйзам долбооруна тиешелүү документтер тиешелүү мыйзамдардын, ошондой эле географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык даярдалган. Аталган Жобого ылайык, географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо менен байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери артыкчылыктуу тартипте эске алынаары маалымдалат.
“КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесине ылайык, шаардык кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген.
Белгиленгендей, Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо боюнча маселе КР Министрлер кабинетинин алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын отурумунда 2025-жылдын 5-сентябрында каралып, колдоого алынган.
“Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Шаарды кайра атоого байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралат”,- деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн