Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 14:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Абу-Даби - Бишкек - Абу-Дами авиакаттамы мындан ары өзгөчө шарттар менен каттайт

01.06.2023 15:46
344
Абу-Даби - Бишкек - Абу-Дами авиакаттамы мындан ары өзгөчө шарттар менен каттайт


Манас" эл аралык аэропорту жарандарды Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби каттамынын тийиштүү шарттары менен таанышып алууга чакырат.


Маалыматта авиакаттамдарды Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясы жүргүзөрү айтылган. Ошондой эле төмөндөгү эрежелердин бардыгы авиакомпаниянын шарттары экени, аба майдандын ага эч кандай тиешеси жоктугу белгиленди.


Шарттар:


- акысыз катталуу авиакомпаниянын расмий сайтында (www.wizzair.com) учууга бир күн калганда онлайн режиминде жүргүзүлөт;


- учуу үчүн алдын ала катталбаган учурда авиакомпаниянын шарттарына ылайык, аэропортто катталуу үчүн 45 евро төлөөгө зарыл болот;


- аэропорттун каттоо жайларында акысыз онлайн каттоодон өтүү мүмкүн эмес;


- эгер сиз учууга бир күн калганда сайт аркылуу онлайн катталсаңыз, анда сиз басып чыгарылган талонду беришиңиз керек же уюлдук телефонуңузга жол жүрүү документин (талон) жүктөп алуу зарыл. Сиздин саякат документиңиз (талон) сиздин учууга катталганыңызды тастыктайт;


- эгерде кандайдыр бир себептерден улам талон көрсөтүлбөгөн учурда, онлайн каттоодон өтүп, бирок тастыктоочу документтерди тапшырбасаңыз, учууга катталуу үчүн аэропортто 45 евро төлөшүңүз керек болот;


- сиздин каттам транзиттик болгон күндө дагы, Бириккен Араб Эмираттарына визаңыз болушу керек.


Эске салсак, Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби багыты боюнча каттамдар Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн