Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл, - Акрам Мадумаров

15.08.2020 17:50
805
Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл, - Акрам Мадумаров


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты. Иш-чараларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери катышкан.


Жумушчу сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир нече шайлоо учстокторун кыдырып чыгып, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешти.


Акрам Мадумаров алдыдагы шайлоо процессине сапаттуу даярдык көрүү ишинин маанилүүлүгүн баса белгилеген.


Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл. Даярдык көрүү мезгилинде бардык шайлоо участкалары, анын ичинде алыскы райондордо жайгашкан участоктор тийиштүү материалдык-техникалык база жана интернет менен камсыздалышы керек. Коронавирус пандемиясы шартында шайлоо участокторунда санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керек, - деген вице-премьер-министр.


Штаб кеңешмелеринин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн