Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Адабий мектеп... ал эмне?

11.05.2022 13:34
5333
Адабий мектеп... ал эмне?


Адабияттын астанасын аттап кирген ар бир талапкер сөзсүз түрдө адабий мектептен, адабий университеттерден өтүшү керек. Бул талаш туудурбай турган маселе. Ансыз ал башкаларга окшобогон акын катары калыптанышы, талантынын ар кыры ачылышы кыйын.

Ал эми адабий мектеп дегенибиз – улуттук адабияттан дүйнөлүк классикалык адабиятка чейинки учу-кыйры чексиз аалам. Адабият тууралуу кабары аз талапкер кимди карманарын, кимди үйрөнөрүн, кимди окурун билбей, далай адашары, далай чекесин томуйта турганы турулуу иш. Башка элдердин адабиятынан айта албайм, бизден улуу муундагылардан далайларынын чекеси томуюп, далайлары мурдун канатканын билебиз.

Дүйнөлүк адабиятты түгөл окуп салдым деп айта албайм. Бирок окумуш эттим. Классиктерди да тандап окудум. Эмнеге???

Азыр ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Бизге чейинки сөз баккандар 20 кылым аралыгында адабияттын жүздөгөн-миӊдеген мыкты үлгүлөрүн жаратып коюшкан. Чыгыш адабияты не деген керемет дүйнө. Канчалаган том-том китептер. Батыш адабиятындагы адабий эксперименттерди барактап отуруп таӊгаласыӊ. Анысы эле канчалаган томдор. Чындыгында, анын баарын окуп бүтө албайсыӊ. Мейли, окуйлу дейли, аны сиӊирүү да керек эмеспи. Ошон үчүн каалайсыӊбы же жокпу тандап окууга туура келет. Бул биринчиден. Экинчиден, дүйнөлүк адабият деп ага сокур ишеним менен кулдук ура берүүнүн, дүйнөлүк классиканы догма катары кабыл алуунун кажети жок. Эгер ага баш отуӊ менен кирип кетсеӊ, жолдон чыгарып, адаштырып коюшу да ыктымал.

Динге сокур ишенгендер күндөрдүн бир күнүндө кантип арапкул, арапкүл болгонун өздөрү да билбей калып жатпайбы. Анын сыӊарындай адабиятта деле ошол. Баары чеги менен болгону жакшы. Жакшы тамакты деле көп жесеӊ, сиӊире албай, ашказанды өйкөй бергендей кеп. Дүйнөлүк классиканы окуй берсеӊ, окуй берсеӊ, акыры анын барымтасында каласыӊ. Өзүӊө убактыӊ калбай калат.

Анан да айта турган сөз болот, айтпай турган сөз болот. Дүйнөлүк классиканын биз үйрөнө турганы бар, үйрөнбөй турганы андан көп. Себеби, дүйнөлүк адабияттагы эксперименттердин баары эле биздин адабий кыртышка өнө бербейт, арасында өнө турганы бар, өнбөй турганы да бар. Туура, адабий эксперименттердин мыкты үлгүлөрүнөн формалык жактан көп нерсени алса, үйрөнсө, өздөштүрсө болот. А мазмундук жактан анын баары эле биздин улуттук аӊ-сезимге, анын ичинде нарк-насилге, салтка туура келе бербейт. Ар бир улуттун өзүнө тиешелүү баалуулуктары, руханий дөөлөттөрү болот, биз иралды ошону карманышыбыз керек.

Бул маселенин бир эле жагы. Бизден улуу муундагылардан адабият классиктеринин, анын ичинде өзүбүздүн эле тирүү классиктердин чыгармачылык тагдырын туурагандары да болду. Сокур кайталагысы келгендери да болду. Тилекке каршы, Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаевдин акындык тагдырын кайталайбыз деп жатып, канчалаган акындарыбыз ичип кетишти. Канчалары өз тагдырларын кантип талкалап алгандыктарын да билбей калышты.
Алыс барбай эле орус адабиятынан айрым мисалдарды алалы. Александр Блок менен Сергей Есенин экөө да талаш жок классик акындар. Блок интеллектуал акын, Есенин элет жыттанат. Улуттук дух бар. Элдик мотив көбүрөөк.
Орустун улуу акыны өзүн зөөкүр, чаарбаш (хулиган) деген менен “Персия кайрыктары” сыяктуу эӊ сонун лирикалык ырлар түрмөгүн жазган.

* * *

Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Бирок бир аз карай калсам токтолуп,
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Күйүп турган көгүш түстүү от болуп.
Мен Багдадга кербен менен барбадым,
Буюм-тайым алпарбадым сатууга.
Бирок ичке белиң ийип ардагым,
Уруксат эт тизеңде уктап жатууга.
Мен канчалык сурансам да, сыягы
Эч бир элес албайт окшойт акылың:
Билбей койдуң алыскы Россияны,
Жана дагы анын даңктуу акынын.
Жүрөгүмдө жалаң орус гармону,
Үргөн ити жаңырыктайт ыр өңдүү.
Персиянка эч болбосо бир жолу
Көрсөң боло биздин жашыл өрөөңдү.
Мен келбегем зериккенден бу жакка,
Сен алдыртан азгырганга окшодуң.
Мени акырын кысты жылуу кучакка
Эки бирдей канат өңдүү кош колуң.
Өткөн өттү, эскергенде аны эмне,
Жаным жалаң тынчтык тилейт кээ күндө.
Эч болбосо анча-мынча аңгеме
Айтсаң боло а сен өлкөң жөнүндө.
Гармонь тартчы, бул авалым түшүнүп,
Бачымыраак эрит көңүл муздарын.
Куса болуп башты жерге түшүрүп,
Сагынбайын мен түндүктүн кыздарын.
Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Ойго ылайык мен өзүмчө ойлогон:
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Көгүш-жашыл толкундарда ойногон.

(Которгон С. Эралиев)

Анын жаз айындай жагымдуу ырларын окуп жатып, Есенинди чаарбаш же зөөкүр деп эч элестете албайсыӊ. Бирок анын жашоосу будуӊ-чаӊ болгон. Өзүнө өзү сыйбай жашаган. Мушташкан жерде мушташкан, аялзатына ашык болуп калса, акылынан танганча сүйгөн. Болгону 30 жашка чыкса да үч жолу үйлөнүп жетишкен.

Бизде Есенинге суктанып, Есениндей бунтарь болуш керек дегендер болгон. Анын алп акындык маӊызын эмес, сырткы көрүнүшүн туурашты. Канчалар ичип кетишти. Канчалар өөдүк-сөөдүк жашашты. Алар бир нерсени элеске албады, Есениндин акындык тагдырын эмес, акындык өнөрүн үйрөнүү, өздөштүрүү керек экенин элеген жок.
Александр Блок Сергей Есенинге караганда, алда канча интеллигент, сөөгү дворянин болгон. Арийне, анын кээ бир жоруктарын акылыӊа сыйдыра албайсыӊ. Ал айтылуу химик Дмитрий Менделеевдин кызы Любовь Менделееваны башы айлангыча сүйүп үйлөнгөн. Анан кызыгы биринчи эле нике түнү аялынын маӊдайынан өөп, аны бүт дили сүйөрүн, аны кол тийгизип булгагысы келбегенин айтып, башка бөлмөгө барып жатып алган. Расул Гамзатовдун акын каарманы үйлөнгөн түнү аялынын жанына жатпай, түнү менен ыр жазып чыгат го. Блоктуку андан бетер. Башка аялдарга барган да, өз аялына тийген эмес. Аялы аны күтүп жашаган. Акыры алардын турмушунда үчүнчү адам Андрей Белый пайда болот. Блоктун жаш аялы бир жарым жылдан кийин Георгий Чулков деген акынды таап алат. Анысын Блокко ачык эле айткан. Блок болсо башкалар менен көӊүл ачкан. Ушуну кантип сүйүү, үй-бүлөлүк жашоо деп айта аласыӊ.

Блоктун ырларын жыргап окуйсуӊ. Анын интеллектине баа бересиӊ. Бирок, анын адамдык тагдыры өтө аянычтуу. Аялы Любовь Менделееваны баш оту менен берилип сүйгөнү кайсы да аны бактысыз кылганы кандай?

Орустун дагы бир акыны Николай Рубцовдун тагдыры да өтө татаал. Рубцов эӊ сонун лирик акын. Не деген керемет ырларды жазган. Болгону 36 жыл жашап, аялы менен чатакташа кетип, анын колунан каза тапкан. Аялы деле жөн-жай бирөө болгон эмес. Ал деле акын, болгондо да Николай Рубцовду кумир туткан экен.

Азыркы сынчылардын алды, асти белдүүсү да Аскар Медетов “Кыргызрадиосунда” түз эфирде интервью берип жатып, адабият талапкерлери дүйнөлүк классиканын мектебинен өтүш керек экенин айта келип, дүйнөлүк поэзияга жаӊылык киргизген, революция жасаган Уолт Уитмендин ысымын өзгөчө белгилеп кетти.

Уитмендин поэзия дүйнөсүнө ынкылап жасаганында эч талаш жок. Бирок, анын адамдык тагдыры Блок, Есенин, Маяковскийлердин тагдырынан да жаман. Биздин нарк-насилге таптакыр туура келбейт. Уитмендин жашоо образы кандай болгонун билгенден көрө билбей койгон жакшы.

Барчынбек Бугубаев деген акын досум дүйнөлүк классикага караганда, өзүбүздүн улуттук адабиятка көбүрөөк жасачу. Турар Кожомбердиев, Жалил Садыков, Сооронбай Жусуев, Омор Султановдорду кайталап окуур эле. Барчындын акындык тагдыры Турарга да, Жалилге да, Сооронбайга да, Оморго да окшошподу. Буркан-шаркан түшүп жашады.
Алик Акималиев Николай Рубцовду жакшы көрчү. Таптакыр башка жашоо менен жашады. Аликтин ырын жыргап окусаӊ да, өзүн түшүнүү кыйын эле.

Адабий мектеп тууралуу сөз болгондо, көп нерселер эске түшөт. Албетте адабий мектеп керек. Арийне, кимдердин адабий мектептеринен өтсөк, алардын чыгармачылык тагдырын да мыкты билгенибиз ашыкча болбойт. Акыры келип, тандоо өз колубузда. Болгону башкалардан сокур үйрөнүп, алардын тагдырын сокур кайталабаган жөнбү деген ой кетет.

Болотбек Таштаналиев, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн