Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна иш сапары менен барып, Ак-Там, Жапасалды жана Кызыл-Ата айылдарынын тургундары менен жолугушту.
ЖКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анда негизинен таза жана жана сугат сууга байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды. Ошондой эле аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын жаңылоо зарылчылыгы айтылды.
Мындан тышкары Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Кийикбаев административдик-аймактык реформадан кийин аталган айыл өкмөтүндө калктын саны 40 миңге жеткенин белгилеп, штаттагы 13 кызматкердин санын көбөйтүү зарылчылыгы жаралганын билдирди. Муну менен катар учурда айыл башчылары контракттык негизде иштеп жатышканын айтып, аларды да муниципалдык кызматка киргизүү маселесин ортого салды.
Өз кезегинде депутат Азизбек Турсунбаев айтылган маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, кыска убакытта чечүүгө аракет кыларын убадалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн