Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 20:22
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.875
0.915

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын түштүк кореялык жазуучу Хан Ганг алды

11.10.2024 16:36
24
Адабият боюнча Нобель сыйлыгын түштүк кореялык жазуучу Хан Ганг алды


Адабият боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгы түштүк кореялык жазуучу Хан Ганга "тарыхый травмаларга каршы турган жана адам жашоосунун алсыздыгын ашкерелеген күчтүү, поэтикалык прозасы үчүн" ыйгарылды.

Би-Би-Си билдиргендей, Хан Ганг өз эмгегинде тарыхый травмаларды жана көзгө көрүнбөгөн эрежелерди изилдеп, ар бир чыгармасында адам жашоосунун морттугун ашкерелейт. Ал дене менен жандын, тирүүлөр менен өлгөндөрдүн ортосундагы байланыштарды терең түшүнөт жана өзүнүн поэтикалык жана эксперименталдык стили менен заманбап прозада инноватор болуп калды, - деп айтылат Нобель комитетинин маалыматында

Ошентип, Хан Ганг адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган биринчи түштүк кореялык жазуучу болуп калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн