Теке 03, 2024
Убакыт: 21:22
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул мамлекеттик сый акысы жөнүндө жарлыкка кол коюлду

01.07.2024 18:25
100
Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул мамлекеттик сый акысы жөнүндө жарлыкка кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн, 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 204 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн