Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Баткен облусунда чек ара чатагынан жабыр тарткан адамдарга колдоо көрсөтүү көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, буга чейин 75 үй-бүлөгө берилген 200 миң өтө эле аз сумма.
"15 миллион сом бир "чоңдун" минип жүргөн унаасынын баасы. Бир облуска анын ичинде чек арада жабыркаган элге берилген бул сумма өтө эле аз.
Чек арада жабыркаган ишкерлерге, элге жардам көрсөтүү көлөмүн көбөйтүш керек",- деди депутат Мадумаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн