Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров бангизаттарды жарнамалоо Бишкекте негизги көйгөйгө айланып бара жатканын айтты.
Анын айтымында, бангизат жарнама болбогон көчө калган жок. Үйлөргө, дарбазаларга, тосмолого чейин илинүүдө.
Депутат маселени чечүү жолу катары илинген баңгизат жарнамасы үчүн имараттын ээсин жазага тартууну сунуштады.
Ал мындай жарнамаларды ушундай жол менен гана токтотуу мүмкүн экенин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн