Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Энергетика министринен Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна канча каражат кетерин сурады.
Министр Таалайбек Ибраев 110 миллион доллар кетерин билдирди.
"Кыргызстанда 30 жылда энергетика тармагынын карызы 2 миллиард долларга жетти. Ошол учурда 10-20 Камбар-Ата ГЭСи курулса болмок.
Кыргызстанда эң бай үй-бүлөлөр бажы кызматынын кызматкерлери эмес, энергетикалык компаниялардын ээлеринин үй-бүлөлөрү",- деди Мадумаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн