Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Адахан Мадумаров Курсан Асановдун кантип ИИМди “басып алганын” айтты

28.01.2021 15:48
2453
Адахан Мадумаров Курсан Асановдун кантип ИИМди “басып алганын” айтты


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Статус” берүүсүнө берген маегинде 5-6 октябрдагы тополоңдон кийин ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен телефондон сүйлөшүп турганын билдирди. Ал 4-октябрда парламенттик шайлоого чогуу аттанган генералдар Өмүрбек Суваналиев менен Курсан Асановдун кызматка барганын социалдык түйүндөрдөн укканын айткан.


Өмүрбек Суваналиев менен Курсан Асановдун эки мекемеге барып олтуруп алганы боюнча такыр кабарым жок эле. Суваналиевдин “мен эч партияга тиешем жок, аскер адамымын, легитимдүү Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басарымын, ошол үчүн ушул жерге отуруп алдым” дегенин социалдык тармактардан көрүп калдым. Курсан Асановго чалсам “мени жамаат алып келди, эл суранды, бата берди” деди. Андай болсо биринчи кезекте дүкөндөрдү, элди коргоого алгыла деп чакырдым”, - деген ал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн