"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү Орозайым Нарматованы токтоосуз бошотууну талап кылды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Нарматованын кармалышы "күлкүлүү" нерсе.
"Өзүнүн агасын салтыбыз, динибиздин чегинде о дүйнөгө узатып жетим балдар менен Москвага кетип жаткан кызды аэропорттон кармоо бул өтө пастык.
Токтоткула. Мен Орозайым Нарматованы токтоосуз бошотууну талап. Ал ага коюлуп жаткан күнөөнү кылган эмес",- деди Мадумаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн