Рахман Разыков сатираларды элди күлдүрүш үчүн эмес, ойготуш үчүн айтат эле. Мындай пикирин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнатында билдирди.
Анын айтымында, Разыковдун кайтышы кыргыз үчүн оор жоготуу.
"Бул киши куудул эмес эле. Бул киши ойчул акылман адам эле. Сатираларды элди күлдүрүш үчүн эмес, ойготуш үчүн айтат эле. Көөдөн кыйкырыгы бекеринен жазылган эмес. Ал ошол элди ойготуш үчүн анын көөдөнү кыйкырып турган"- деди Мадумаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн